Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 13 отуруму
2022-жылдын 25-августу № 13/1
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашcы боюнча 2023-жылга долбоору жана 2024 -2025-жылдарга божомолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” негизинде Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 13 - кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга долбоору 14572,3 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3499,1 миң сом, теңдөөчү грант 10485,2 миң сом, атайын каражаттар 588,0 миң сомго бекитилсин.
2.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүүн 2024 -жылга божомолу 14548,5 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3499,1 миң сом, теңдөөчү грант 10461,0 миң сом, атайын каражаттар 588,0 миң сомго жактырылсын.
3.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүүн 2025-жылга божомолу 14890,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3499,1 миң сом, теңдөөчү грант 10803,6 миң сом, атайын каражаттар 588,0 миң сомго жактырылсын.
4.Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго жана финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Исаковага жүктөлсүн.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Бегматов |