Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 14 отуруму
2022-жылдын 8-сентябры № 14/1
Алай райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-883 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуштамасын кароо жөнүндө
Алай райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-883 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуштамасын кароо боюнча Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Азимжановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук прокуратурасынын 2022-жылдын 22-августундагы №11-883 сунуштама каты аткарууга алынсын
2. Сунуштамада көрсөтүлгөн айылдык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин бирдиктүү салык декларациясы менен байланышкан талаптарын сактоо менен мыйзамды толук кандуу өз мөөнөтүндө аткаруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу укуктук маселелер боюнча мыйзамдуулук комитетине тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Бегматов |