Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 14 отуруму
2022-жылдын 8-сентябры № 14/2
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-кыштак айылынын Жар-Кыштак-1 көчөсүндөгү №66-даректеги жеке менчик жерди максаттуу багытын өзгөртүп мечитке өткөрүп берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу 6-чакырылышынын 14 отуруму Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнун жер боюнча башкы адиси Пасаңов Курстанбектин билдирүүсүн угуп, Алтымышов Замирбек Нышанбаевичтин наамына 5-01-06-1002-0035 сандуу коду менен катталган регистрациялык делосун жана бирдиктүү реестрде №501-2022-7268 номер менен 07.09. 2022-жылы катталган турак жайды тартуулоо келишимин карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде, Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Жар-Кыштак -1 көчөсүндөгү жеке менчигинде турган 605,00 чарчы метр жерди максаттуу багыты өзгөртүлүп, мечит куруу үчүн кайрадан чектелип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З. Каримовго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Бегматов |