Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 14 отуруму
2022-жылдын 8-сентябры № 14/3
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын Шамаке участкасындагы жеке менчик жер тилкесин максаттуу багытын өзгөртүп мечитке өткөрүп берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылындагы Шамаке участкасындагы жеке менчик 5-01-06-1006-0069 сандуу коду менен катталган жер участогунан белгиленген 4 сотых жер тилкесин мечит куруу үчүн өткөрүп берүү боюнча. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде, Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын Шамаке участкасындагы жеке менчикте турган 400,0 чарчы метр болгон жер аянты мечитке бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Бегматов |