Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 14 отуруму
2022-жылдын 8-сентябры № 14/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылында жайгашкан “Курманжан Датка-200” эмканасы азыркы учурда жер багыты мечит болуп тургандыгына байланыштуу жер багытын өзгөртүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылындагы 5-01-06-1003-0117 сандуу коду менен катталган жер участогунан белгиленген 4 сотых жер тилкесин “Курманжан Датка-200” эмканасына өткөрүп берүү боюнча Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнун жер боюнча башкы адиси Пасаңов Курстанбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Шоро айылынын Кара-Шоро-1 көчөсүндөгү муниципалдык менчигинде турган 400 чарчы метр жерди максаттуу багыты өзгөртүлүп, “Курманжан Датка-200” эмканасына кайрадан чектелип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнун жер адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Юридикалык документтерди даярдап берүу жагы Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына, “ Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Бегматов |