Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 15 отуруму
2022-жылдын 26-сентябры № 15/1
Жергиликтүү курултайды чакыруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобону турмушка ашыруу боюнча жооптуу катчы Асилбек Азимжановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү Курултайды чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамын түзүү максатында Коңур –Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кырыгз Республикасынын Президентинин 2022 жылдын 15-августундагы № 284 жарлыгы менен бекитилген убактылуу жобого ылайык, Жергиликтүү Курултайды чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы төмөндөгүлөрдөн түзүлун (тиркеме тиркелет №1)
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдарында жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги тиркемеге ылайык бекитилсин ( тиркеме тиркелет №2)
Жергиликтүү Курултайды чакыруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүү милдеттерилсин.
Биринчи Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү туралуу жана алардан келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды убагында берүү жооптуу катчыга жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмдө калтырамын
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Бегматов |