Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айыдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 15 отуруму
2022-жылдын 26-сентябры № 15/2
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылында муниципалдык менчикте турган жерди сүттү кайра иштетүүчү цех курууга айылдык кеңештин токтомун чыгарып берүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 15-отуруму Коңур-Дөбо айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Пасаңов Курстанбектин билдирүүсүн угуп муниципалдык менчикте турган 6 сотых жер тилкесин сүттү кайра иштетүүчү цех куруу үчүн Коңур-Дөбө кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жар-Кыштак айылынын Жар-Кыштак-1 көчөсүндөгү муниципалдык менчикте турган 600 чарчы метр жерди сүттү кайра иштетүүчү цех курууга чектелип берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Пасаңовго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Бегматов |