Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-апрели № 16
Айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруучу сугат каналын куруу үчүн жер участогун которуу (трансформациялоо) боюнча, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактулуу жобону карап көрүп Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Калба айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калба айылдык аймагынын административдик чегинде жайгашкан Талас токой чарбасына караштуу “Кара-Дөбө” участогунун №16; №33;№39; №26; №25 чөйрө сызыктарындагы жалпы аянты 1,7 га жер участогуна айыл чарба багытындагы жерлерди суугаруучу сугат каналын куруу үчүн “Токой фондусунун жерлери” категориясынын токой жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын,транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясынын суу алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу (транформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо,Калба айыл өкмөтүнүн каражатынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык,которуу (транформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага милдеттендирилсин.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |