Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 72
Дара айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгын жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө” №224-б буйругун аткаруу максатында Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин токтом кылат:
1. Дара айыл аймагында, Чек айылдык маданият үйүнө 2022-жылдын 5-ноябрында саат 14: 00 гө жергиликтүү Курултай чакыртылсын.
2. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарынын саны Чек айылынан 35, Жаңы-Жер айылынан 30, Кан, Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдарынан 14, Кайыңды айылынын 12, Жаңырык, Коргон-Таш, Табылгы айылдарынан 9, жалпы 100 делегат болуп, жобого ылайык бекитилсин.
3. Дара айыл аймагынын, жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча, жумушчу топтун курамы 11(он бир) адамдан болуп бекитилсин. (№1-тиркеме)
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрынан 22-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. (№2-тиркеме)
5. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Чек айылында 2022-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейин уюштурулсун.
6. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Жаңы-Жер айылында 2022-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейин уюштурулсун.
7. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кайыңды айылында 2022-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин уюштурулсун.
8. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Кан, Сары-Талаа жана Тунук-Суу айылдарында 2022-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин уюштурулсун.
9. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн элдик жыйын өткөрүү, Жаңырык, Коргон-Таш жана Табылгы айылдарында 2022-жылдын 16-октябрынан 22-октябрына чейин уюштурулсун.
10. Өткөрүлгөн жыйындардын протоколун, көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жергиликтүү Курултайдын катчылыгына 2022-жылдын 24-октябрына чейин тапшырылсын.
11. Жергиликтүү Курултайды даярдоо, өткөрүүнү уюштуруу жана керектүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р. Сайкалова |
Тиркеме № 1
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2022-жылдын 14-сентябрындагы № 72 токтому менен бекитилген
Дара айыл аймагынын жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
к/№ | Ф.А.А. | кызматы |
1 | Сайкалова Рахат | төрайым |
2 | Маканов Данияр | катчысы |
3 | Суранчиев Абдирашит | мүчөсү |
4 | Айдаров Илимбек | мүчөсү |
5 | Жаникулов Жеңишбек | мүчөсү |
6 | Келдибекова Сарбаркан | мүчөсү |
7 | Атакулов Абдыкадыр | мүчөсү |
8 | Умаров Адилбек | мүчөсү |
9 | Үсөнов Жакыпали | мүчөсү |
10 | Зиатова Шаарназ | мүчөсү |
11 | Исмайылова Сахабат | мүчөсү |
Тиркеме № 2
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2022-жылдын 14-сентябрындагы № 72 токтому менен бекитилген
Дара айыл аймагынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
Г Р А Ф И Г И
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегат тардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Чек айылы | 15.10 19.10 | 10:00 | 5087 | 35 | Жаникулов Ж, Атакулов А, Маканов Д, КелдибековаС
|
2 | Жаңы-Жер айылы | 15.10 19.10 | 14:00 | 3735 | 30 | Сайкалова Р, Суранчиев А, Айдаров И. |
| Кайыңды айылы | 16.10 21.10 | 10:00 | 1064 | 12 | Ысмайылова С. |
| Жаңырык, Коргон-Таш, Табылгы айылдары | 16.10 21.10 | 14:00 | 502 | 9 | Умаров А. |
| Кан, Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдары | 16.10 22.10 | 17:00 | 1498 | 14
| Үсөнов Ж, Зиатова Ш. |
| Бардыгы |
|
| 11501 | 100 |
|
Дара айыл аймагынын
айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы: Д.Маканов