Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 77
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы “Айданек” балдар бакчасына кошумча кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы “Айданек” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө “Айданек” балдар бакчасынын директору С.Рахманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын Чек айылындагы “Айданек” балдар бакчасына кошумча кыска мөөнөттүү 3 сааттык 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Дара айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет камитети жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р. Сайкалова |
|
|