Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 76
“Баткен согушунун ардагери” медалын жасоо жана иш чараны өткөрүү үчүн керектүү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
1999-2000-жылдары болгон каргашалуу Баткен согушунун 22 жылдык эскерүү маарекесине карата Дара айыл өкмөтүнөн катышкан 109 ардагерлерине “Баткен согушунун ардагери” медалын жасап, ыйгаруу үчүн ар бир медал 850 сомдон жасалганына байланыштуу жалпы суммасы 92650 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Баткен согушунун ардагери М.Заналовдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2022-жылдын 20-октябрында өтүүчү Баткен согушунун ардагерлерин 22 жылдык эскерүү күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аймагындагы 109 ардагеринин ар бирине “Баткен согушунун ардагери” медалын жасоо жана иш чараны өткөрүү үчүн жалпы суммасы 92650 (токсон эки миң алты жүз элү) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет камитети жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р. Сайкалова |