Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 75
Кайыңды айылындагы жаңыдан курулган 150 орундуу мечитке “Камчибек ата” ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы жаңыдан курулган 150 орундуу мечитке “Камчибек ата” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Кайыңды айылынын 2022-жылдын 30-августундагы элдик чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кайыңды айылындагы жаңыдан курулган 150 орундуу мечитке “Камчибек ата” ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р. Сайкалова |