Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 74
Жаңы-Жер айылынын Атылган-Таш түндүк-чыгыш тарабынана кошумча 100га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын түндүк-чыгыш тарабынан кошумчы 100га жер аянтын которууга(трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы Атылган-Таш участкасынан кошумча 100га жер аянты “айыл-чарба жерлери” категориясынан, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы 100га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р. Сайкалова |