Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 79
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы №10-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы №10-токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык Кеңеши токтом кылат:
Дара айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-июнундагы №10-токтомунда техникалык ката кеткендигине байланыштуу өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын мурдагы Сары-Чечме көчөсүнө Асанов Мурзамамыт атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
Мыйзамдуу иш-кагаздарды жүргүзүү жагы жер маселелер боюнча башкы адиси Зайниев Манаска милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р. Сайкалова |