Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезексиз он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12-6
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылындагы “Мераж Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 60 орундуу кошумча эки тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылындагы “Мераж Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 60 орундуу кошумча эки тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылындагы “Мераж Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 60 орундуу кошумча эки тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Көтөрмө айылындагы “Мераж Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 60
орундуу кошумча эки тайпа ачуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алуу, юридикалык каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жана күз-кыш айларындагы жылуутууну, таза сууну, электр жарыгы менен камсыздоо жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э