Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезексиз он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылынын тургуну Эгембердиев Абдималик Абдыкааровичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылынын тургуну, көп жылдардан бери Кыргыз Республикасынын жайыт ассоциациянын жетекчиси кызматында үзүрлүү эмгектенген, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон Эгембердиев Абдималик Абдыкааровичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Көтөрмө айылынын тургуну Эгембердиев Абдималик Абдыкааровичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылынын тургуну Эгембердиев Абдималик Абдыкааровичке Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э