Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчанын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчанын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндөгү меселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчанын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Ата айылындагы спорттук аянтчасынын 1,01 га жер аянтындагы бак-дарактарды кыюуга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары Экологиялык жана техникалык коопсуздук министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынан уруксат алуу иш кагаздарын даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин « Агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э