Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Ак-Булак мектеп-гимназиясынын окуу имаратынын чатырын ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Ак-Булак мектеп-гимназиясынын окуу имаратынын чатырын ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Ак-Булак мектеп-гимназиясынын окуу имаратынын чатырын ремонттон өткөрүүгө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы “Региондорду өнүктүрүү фондуна” долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Ак-Булак мектеп-гимназиясынын окуу имаратынын чатырын ремонттон өткөрүүгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э