Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12-2
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылдык кеңеши мекемесин мамлекеттик каттоо жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Юридикалык жак катары түзүлсун жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук аталышы.
Мамлекеттик тилде: “Кыргыз-Ата айылдык кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Кыргыз-Атинский айылный кенеш”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Кыргыз-Ата айылдык кеңеши” м-е.
Расмий тилде: У-е “Кыргыз-Атинский айылный кенеш”.
2. “Кыргыз-Ата айылдык кеңеши” мекемесинин уставы бекитилсин.
3. “Кыргыз-Ата айылдык кеңеши” мекемесинин аткаруучу органы –төрагасы болуп Женишбай уулу Элмурат дайындалсын.
4. “Кыргыз-Ата айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери) : Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылдык аймагы, Көтөрмө айылы, Абдраим көчөсү, 1.
5. “Кыргыз-Ата айылдык кеңеши” мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы, айылдык кеңешинин төрагасы Женишбай уулу Элмуратка жүктөлсүн.
Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтар анык, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталган жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.
Төрага Женишбай уулу Э