Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча 2022-жылдын 25-августундагы № 10-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча 2022-жылдын 25-августундагы № 10-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү меселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 115-беренесине жана 2015-жылдын 3-апрелиндеги “Сатып алуулар боюнча” № 72 Мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн борбордук аппаратына матричный принтер алууга каралган 110 000 сом акча каражатын учурдагы Баткен коогалаңына байланыштуу коопсуздук маселесинин чыгымдарына каралсын.
2.Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин финансылык каражаттарын каржылоо жана максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Эшполотовго, ФЭБ башчысы К. Амановго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э