Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он биринчи сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 11
Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга Кыргыз-Ата айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 2 чечимине негиз, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы Көтөрмө маданият үйүндө 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынан жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин (1-тиркеме тиркелет)
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун
курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин (4-тиркеме тиркелет).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук,
тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
(жетинчи шайланган) кезексиз
он биринчи сессиясынын 2022-
жылдын 15-сентябрындагы
№ 11-токтомуна 1-тиркеме
Кыргыз-Ата айыл аймагынан жергиликтүү курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы
№ | Айылдын аталышы | Калктын саны | Делегаттардын нормасы |
1 | Кыргыз-Ата | 3 412 | 22 |
2 | Орто Мечит | 3 210 | 22 |
3 | Ак-Булак | 3 547 | 22 |
4 | Токмокбулак | 3 311 | 22 |
5 | Көтөрмө | 4 243 | 26 |
6 | Борко | 4 779 | 32 |
7 | Кара-Кой | 792 | 4 |
| Жалпы | 23 295 | 150 |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
(жетинчи шайланган) кезексиз
он биринчи сессиясынын 2022-
жылдын 15-сентябрындагы
№ 11-токтомуна 2-тиркеме
№ | Айылдын аталышы | Убагы | Өткөрүлө турган жер |
1 | Кыргыз-Ата | 2022-жылдын 15-октябры саат 11:00 | Маданият үйү (клуб) |
2 | Орто Мечит | 2022-жылдын 15-октябры саат 14:00 | Маданият үйү (клуб) |
3 | Ак-Булак | 2022-жылдын 19-октябры саат 11:00 | С.Токторов ат.орто мектеби |
4 | Токмокбулак | 2022-жылдын 19-октябры саат 14:00 | С.Токторов ат.орто мектеби |
5 | Көтөрмө | 2022-жылдын 20-октябры саат 14:00 | Маданият үйү |
6 | Борко | 2022-жылдын 21-октябры саат 14:00 | Маданият үйү (клуб) |
7 | Кара-Кой | 2022-жылдын 22-октябры саат 10:00 | “Курак-Тектир” орто мектеби |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
(жетинчи шайланган) кезексиз
он биринчи сессиясынын 2022-
жылдын 15-сентябрындагы
№ 11-токтомуна 3-тиркеме
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | Аты-жөнү | Ээлеген кызматы |
1 | Женишбай уулу Элмурат | Жумушчу тобунун төрагасы |
2 | Заирова Кызайым | Жооптуу катчысы |
3 | Бабакулова Асидакан | Мүчөсү |
4 | Келдибек у. Бейшенбек | Мүчөсү |
5 | Каримбердиева Гүлмира | Мүчөсү |
6 | Турдуев Алтынбек | Мүчөсү |
7 | Бодоев Кочкорбай | Мүчөсү |
8 | Максытов Нуржан | Мүчөсү |
9 | Матиев Орозали | Мүчөсү |
10 | Камбаров Заир | Мүчөсү |
11 | Муктар у. Ысак | Мүчөсү |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
(жетинчи шайланган) кезексиз
он биринчи сессиясынын 2022-
жылдын 15-сентябрындагы
№ 11-токтомуна 4-тиркеме
Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин
№ | Айылдын аталышы | Аты-жөнү |
1 | Кыргыз-Ата | Азимбаева Фарида Назарбаев Динмухамед Парпиев Мухамедшер Мамашев Жеңишбек |
2 | Орто-Мечит | Асанов Мухамедкабыл Мусабаев Афтандил Парпиева Мукарам Акботоев Кайрат
|
3 | Ак-Булак | Омурзакова Айнур Дуйшоев Бектур Жусубалиев Али Мамадалиева Алтынай Орозали кызы Муслима Азимбаев Тынчтык Бабакулов Нурбек
|
4 | Борко | Эсенали уулу Уланбек Алибаев Канатбек Абдикеримов Марсель Каримова Гүлшат Ташалиева Санталат
|
5 | Көтөрмө | Абакир уулу Бактыбек Меңдибаев Дамирбек Асанов Айбек Каримова Шайыргүл Абдыраимов Сеитбек
|
6 | Кара-Кой | Турдуев Алтынбек Айдарова Айзада
|
Жооптуу катчы К. Заирова