Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 25-августу № 10-8
Ноокат Кара-Кой” жолунун Шибели бөлүмүндөгү № 157 контурдагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 435 ч.м. аянтына “Заманбап ажаткана” курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги “Ноокат Кара-Кой” жолунун Шибели бөлүмүндөгү №157 контурдагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 435 ч.м. аянтына “Заманбап ажаткана” курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери категориясына макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Ноокат Кара-Кой” жолунун Шибели бөлүмүндөгү № 157 контурдагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 435 ч.м. аянтына “Заманбап ажаткана” курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери категориясына макулдук берилсин.
2. Трансформациялоого тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э