Загрузка документа…
СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 34
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен кабыл алынган “Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен кабыл алынган “Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентин” 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык келтирүү жана мыйзамды ишке ашыруу максатында 2009-жылдын 20-июлу N 241 ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10,17 беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен кабыл алынган “Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине” төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин
1. I-бөлүмдүн 2-главасында төмөнкү пункттар алынып салынсын
- 2.1. пунктунда 13). “Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү”;
- 2.2. пунктунда 1- подпункт “Шаардын мэрин шайлоо”;
- 4 -подпункт “мэриянын аппаратын кошпогондо шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү”;
- 5-подпункт “шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депуттаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет”
- 2.2. пунктунда 3-подпункт төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын
-“ шаардын мэрине ишенбестик билдирүү жана бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү”
II-бөлүмдүн 3-главасында
- 3.2. пункту төмөнкүдөй мазмунда өзөртүлсүн: “Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ”.
- 3.8. пунктунда - сүйлөмдүн “үчтөн биринин” деген сөзүнөн кийин “же жергиликтүү кеӊештин фракциясынын” деген сөз алып салынсын
- 3.9. пунктуна төмөнкү мазмунда кошумча подпункт киргизилсин “Шаардык кеӊештин “Ардак грамотасы” менен жана депутаттардын макулдугу менен “Ардактуу атуул” наамы менен менен сыйлайт”
- 3.10. пунктунда 2-подпункт төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын “Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
4 главанын 4.1. пункт төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен алмаштырылсын
- “Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөл кылуу үчүн түзүлөт”
- 4.4. пункт алып салынсын
- “Бюджет жана финансы маселелерин карай турган шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы, азчылык фракциянын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат”
“Бюджет жана финансы маселелери боюнча шаардык кеӊештин туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеӊешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялардын коалицияларынын мүчөлөрүнөн түзүлөт”
- 4.8-пункту төмөнкүдөй мазмунда өзгөртүлсүн
- Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча убактылуу комиссияны түзөт жана комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, муниципалдык ишканалар жана мекемелер тарабынан аткарылбаган иш-чараларды көзөмөлдөө, ошондой эле кошумча сунуштарды берүү максатында тийиштүү адистерди чакырат жана киргизе алат
- 4.9. Төмөнкүдөй мазмунда кошумча пункт киргизилсин
- “Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
-
12.11-пунктунун 2-абзац. зарыл болгон материалдарды деген создөн кийин “электрондук түрдө (депутаттардын электрондук даректерине, вацап, телеграмм аркылуу) жиберүүнү камсыз кылат” деген толуктоолор киргизилсин
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентин 20.10.2021ж. №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана ушул токтомдогу киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык келтирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: К. Мадаминов