Загрузка документа…
СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 35
Сүлүктү шаардык кенешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3 главасынын, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2022-жылга иш-планы бекитилсин (иш план тиркелет)
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2022-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын
Төрага: К. Мадаминов
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш)
Х сессиясынын 31.01.2022ж.
№ 35 токтомуна тиркеме
Сүлүктү шаардык кенешинин 2022-жыл үчүн иш- планы
I.Сеесияда каралуучу маселелер
| |||||
№ | Каралуучу маселелер | Аткарууга жооптуулар | Маселени даярдоого жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | |
I квартал
| |||||
1 | Сүлүктү шаарын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү (шаардын мэринин программасы)
| Шаардын мэри М. Кадыркулов | Туруктуу комиссиялар | I -квартал 2022-жыл | |
2 | Сүлүктү шаарынын 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
| Шаардык мэрия Каржы бөлүмү | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | I -квартал 2022-жыл | |
3. | Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш) регламентине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө | Шаардык кеӊештин аппараты | Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия | I- квартал 2022-жыл | |
4 | Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы | Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | I- квартал 2022-жыл
| |
II квартал
| |||||
1
| Шаарды куруунун башкы планы жана шаардын аймагында шаар курулуш ченемдердин сакталышы жөнүндө
| Шаардык мэрия Шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | II квартал 2022-жыл
| |
2 | “Сүлүктү тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө | “Сүлүктү тазалык” муницпалдык ишканасынын жетекчиси | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | II- квартал 2022-жыл | |
3 | “Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө | “Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын жетекчиси | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | II -квартал 2022-жыл | |
4 | Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуу | Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн башчысы | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | II -квартал 2022-жыл | |
III квартал
| |||||
1 | Жергилктүү маанидеги иштердин жана Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айга аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчетуШаардагы көмүр өндүрүүчү ишканалардын көмүр өндүрүүнүн көлөмү боюнча шаардык мэриянын маалыматы | Шаардын мэри М. Кадыркулов КРнын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы Шаардык салык кызматынын башчысы
| Туруктуу комиссиялар | III- квартал 2022-жыл | |
2 | Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аткарган иштери жөнүндө маалымат | Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | III - квартал 2022-жыл | |
3 | Шаардык билим берүү мекемелериндеги 2022-2023-окуу жылына даярдыгы боюнча | Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | III - квартал 2022-жыл | |
4 | Шаардык ички иштер бөлүмүнүн шаардын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалыматын угуу | Шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнги | Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия | III - квартал 2022-жыл | |
IV квартал | |||||
1 | Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторунун аткарган иштери боюнча маалымат | Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | IV квартал 2022-жыл | |
2 | Шаардын аймагында күз кыш айларына даярдык иштеринин абалы жана шаардагы көмүр өндүрүүчү ишканалардын көмүр өндүрүүнүн көлөмү боюнча шаардык мэриянын маалыматы | Шаардык мэрия | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | IV квартал 2022-жыл | |
3 | Шаардын аймагында жугушуу оорулардын алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшү жөнүндө
| Сүлүктү шаардык ЖДПБнун башчысы Шаардык ооруулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык борбору | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | IV – квартал 2022-жыл | |
4 | Слүктү шаарынын 2022-жыга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө | Шаардык мэрия | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | IV квартал 2022-жыл | |