Загрузка документа…
СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 36
Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө караштуу Балдар искусство мектебине СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 03.12.2021ж №01-12/01-1567 чыгыш сандагы Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө караштуу Балдар искусство мектебине СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика , регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамаатар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү жана мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча Жобосунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө караштуу Балдар искусство мектебине СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин
2. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө караштуу Балдар искусство мектебине СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин ысымын ыйгарууга тиешелүү иштерди уюштурууну көзөмөлдөө жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика , регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамаатар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: К. Мадаминов