Загрузка документа…
СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 38
“Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарына сунуштоо боюнча комиссиянын, шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, “Сүлүктү шаарынын жамаатынын жергиликтүү сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Жобосунун” талаптарына ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Шаардык прокуратурадагы үзүрлүү эмгеги, жарандардын Конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сакталышына, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так аткарылышын камсыз кылууга кошкон зор салымдары жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Сүлүктү шаардык прокуратурасынын адиси Ниязова Гульсина Турдыевнага “Сүлүктү шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
2. “Ардактуу атуул” наамын тапшырууну уюштуруу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: К. Мадаминов