Загрузка документа…
СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 39
Сүлүктү шаардык кеӊешинде 2022-жылдын 13-январындагы 01-16/4 санда катталган жана шаардык кеӊештин депутаты Т. Миталиповго келип түшкөн “Ынтымак” ясли балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелеринин кайрылуу каты жана Шаардык кеӊештин депутаттары Т.Мамытовдун жана А.Акматованын шаардык билим берүү бөлүмүнүн ысык тамак, аккредитация жана көмүр менен камсыз кылуу иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндөгү сунуш каттары жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинде 2022-жылдын 13-январында 01-16/4 санда катталган жана шаардык кеӊештин депутаты Т. Миталиповго келип түшкөн “Ынтымак” ясли балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелеринин кайрылуу каты жана шаардык кеӊештин депутаттары Т.Мамытовдун жана А.Акматованын шаардык билим берүү бөлүмүнүн ысык тамак, аккредитация жана көмүр менен камсыз кылуу иштери боюнча маалыматын угуу жөнүндөгү сунуш каттары боюнча шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын сунушунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан балдар бакчаларындагы кетирилген кемчиликтерди жою боюнча иш чара түзүлүп аткарууга алынсын
2. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана ясли балдар бакчаларындагы ысык тамактардын сапаты жана калькуляциясы нормага ылайык келтирилсин
3. №9 Н.Кушматов атындагы мектеп гимназиясынын 2020-2021-окуу жылындагы аккредитациядан өтпөй калгандыгы боюнча кетирилген кемчиликтерге мындан ары жол берилбесин
4. Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркуловго:
- Шаардын аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептерин жана ясли балдар бакчаларын көмүр менен камсыз кылууну сапаттуу жана талапка ылайык жүргүзбөгөндүгү жана “Ынтымак” ясли балдар бакчасындагы тарбиялануучуларынын ата энелеринин кайрылуу катында көрсөтүлгөн кемчиликтердин мындан ары кайталанбашы үчүн атайын комиссия түзүлүп ар бир мектеп жана ясли балдар бакчаларындагы ысык тамактын сапаты жана нормага ылайыктуулугу каралып чыксын
-Үй бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан балдардын укуктары жана зордук зомбулуктардын алдын алуу боюнча иш чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн
- Жогорудагы кетирилген кемчиликтерге жол берген кызмат адамдарына мыйзам ченеминде тиешелүү чара көрүү жагы сунушталсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: К. Мадаминов