Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 12 сессиясы
2022-жылдын 26-июлу № 12/39
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнүн маалыматы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 22-июнундагы №12 протоколуна негиз, маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын;
2. Кызыл-Кыя шаардык жарандык актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы К. Мурзакуловко жүктөлсүн:
- жарандарга туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, паспорт берүү, жарандарды каттоого алуудагы кемчилдиктерди өз убагында жоюу;
- жарандарга биометрикалык маалыматтарды толтурууну, аларды базага киргизүүнү активдештирүү;
- башка имаратка көчүү жагын тездетүү;
- жарандарды убактылуу каттоого алуудагы көйгөйлөрдү жөнгө салуу;
- күтүү залындагы кезекти азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |