Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 12 сессиясы
2022-жылдын 26-июлу № 12/41
Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2022-жылга кабыл алынган иш пландарынын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 12-июлундагы №16 протоколуна негиз, маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимине ылайык, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2022-жылга кабыл алынган иш пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматы жактырылсын.
2. Муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин:
- 2022-жылга кабыл алынган иш-мерчемдерин өз убагында аткаруу;
- шаардын көчөлөрүн жарыктандырууну көбөйтүү;
- шаардагы жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдордун абалын жөнгө салуу;
- бекитилген иш-чараларын аткаруу үчүн тендерлерди өз убагында өткөрүүнү колго алуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |