Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 12 сессиясы
2022-жылдын 26-июлу № 12/40
Шаар калкына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин
бөлүп берүүнүн абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 12-июлундагы №16 протоколуна негиз, маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимине ылайык, маселени талкулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин шаар калкына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн абалы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына:
- шаарга караштуу жерлердин өлчөмүн так аныктоо, анын ичинен калктуу конуш, айдоо аянттары, баланста турган жер тилкелерин тактоо;
- тийиштүү жерден корутундуларды чогултууну, элге жер тилкесин берүүнү тездетүү;
- шаардын генералдык планын бүтүрүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |