Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XIV сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 50
“Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси А.Токтогуловдун, шаардык кенештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси А.Токтогуловдун Сүлүктү шаарынын тазалыгын камсыз кылуу боюнча “Сүлүктү-Тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын
2. “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси А.Токтогуловго төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- Шарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы
- Шаардын аймагындагы турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын, таштандыларды тазалоо жана ташып чыгаруу, таштанды таштоочу жайларды ирээтке келтирүү, зарыл болгон жерлерге кошумча контейнерлерди орнотуу
- Кош-Булактагы жана Амраев көчөсүндөгү таштанды таштоочу полигондордун айланасын сүрдүрүү, суюк таштандылар үчүн атайын беккари жайын уюштуруу
1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана “Сүлүктү-Тазалык” МИ жетекчиси А.Токтогуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |