Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XIV сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 51
Бакыбек көчөсүндөгү сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөөгө тирөөчү дубал куруу үчүн бөлүнгөн акча каражатын Абдыназаров көчөсүндө жайгашкан көрүстөнгө сел өтүүчү өтмөк куруу үчүн колдонууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 02.06.2022-ж. №01-12/02-530 чыгыш сандуу
Бакыбек көчөсүндөгү сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөөгө тирөөчү дубал куруу үчүн бөлүнгөн акча каражатын Абдыназаров көчөсүндө жайгашкан көрүстөнгө сел өтүүчү өтмөк куруу үчүн колдонууга макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27,34 -беренелерине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакыбек көчөсүндөгү сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөөгө тирөөчү дубал куруу үчүн бөлүнгөн акча каражатын Абдыназаров көчөсүндө жайгашкан көрүстөнгө сел өтүүчү өтмөк курууга колдонуу үчүн Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111-беренесинен 2215-беренесине жылдырууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |