Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XIV сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 52
Шахтерская көчөсүнө асфальт төшөө иштерине кошумча 2008 647 (эки млн сегиз миӊ алты жүз кырк жети) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 17.06.2022-ж. №1/684 чыгыш сандуу Шахтерская көчөсүнө асфальт төшөө иштерине кошумча 2008 647 (эки млн сегиз миӊ алты жүз кырк жети) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27,34 -беренелерине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шахтерская көчөсүнө асфальт төшөө иштерине кошумча 2008 647 (эки млн сегиз миӊ алты жүз кырк жети) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |