Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XIV сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 54
Сүлүктү шаарындагы “Кыргызстан” коммерциялык банкынын имаратын сатып алуу үчүн Баткен облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7000,0 млн (жети млн) сом акча каражатына кошумча өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен тигүү цехине каралган 2000,0 млн (эки млн) сом акча каражатынын эсебинен 500,0 миӊ (беш жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 02.06.2022-ж. №1/696 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарындагы “Кыргызстан” коммерциялык банкынын имаратын сатып алуу үчүн Баткен облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7000,0 млн (жети млн) сом акча каражатына кошумча өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен Раззаков көчөсүндөгү жылуулук эксплуатациялоо борборун тигүү цехи катары иштетүү үчүн ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 2000,0 млн (эки млн) сом акча каражатынын эсебинен 500,0 миӊ (беш жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27,34 -беренелерине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
3. Сүлүктү шаарындагы “Кыргызстан” коммерциялык банкынын имаратын сатып алуу үчүн Баткен облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7000,0млн (жети млн) сом акча каражатына кошумча өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен Раззаков көчөсүндөгү жылуулук эксплуатациялык борборун тигүү цехи катары иштетүү үчүн ремонт иштерине каралган 2000,0 млн (эки млн) сом акча каражатынын эсебинен 500,0 миӊ (беш жүз миӊ) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |