Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XIV сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 55
Н.Кушматов атындагы №9 мектеп гимназиясына жаӊы имарат куруу үчүн жаӊы имараттын долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800,0миӊ сом акча каражатын карап берүү боюнча
Сүлүктү шаардык мэриясынын 27.06. 2022ж №5/772 чыгыш сандагы Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн Н.Кушматов атындагы №9 мектеп гимназиясына жаӊы имарат куруу үчүн жаӊы имараттын долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800,0 миӊ сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27,34 -беренелерине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
5. Н.Кушматов атындагы №9 мектеп гимназиясына жаӊы имарат куруу үчүн жаӊы имараттын долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800,0 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |