Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XIV сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 56
“CASA-1000» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан объектилердин долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 336001 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 29.06.2022ж. №1/807 чыгыш сандагы “CASA-1000» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан объектилердин долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 336001 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 27,34 -беренелерине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
7. “CASA-1000» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан объектилердин долбоордук сметалык документтерин (ДСД) даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 336001 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Мадаминов |