Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 9-сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 9/24
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 25-февралындагы №20-протоколунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 «Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык кеӊештин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 «Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча айыл башчылар, кварталдык жана үй комитеттери менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жогорудагы жарлыгын ишке ашыруу боюнча атайын иш чара иштеп чыгып, ал иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары М.Гайвылдаевге, Т.Алимбековага жана шаардык кеӊештеги фракция лидерлерине тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |