Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 9-сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 9/26
“Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу Жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 20-январындагы №60 жана 2022-жылдын 01-февралындагы №8 протоколдорунун чечимин, шаарды өнүктүрүүдө кошкон салымдарын эске алып, «Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны» жөнүндө Жобосуна ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын төмөнкү жарандарына «Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын:
1) Кудайкулов Мурзахматка;
2) Кенжебаева Шерман Жумабаевнага;
3) Омурзаков Анарбай Исаковичке;
4) Кыпчаков Адилбек Абдуллаевичке;
5) Сыргабаев Замирбек Самаматовичке;
6) Мамадиев Аскарали Адыловичке:
2. «Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны» наамы ыйгарылган жогорудагы жарандарга күбөлүктү жана төш белгини тапшыруу Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин төрагасы Ж.Калматовго жана шаардын мэри А.Маткалыковго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Калматов |