Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 9-сессиясы
2022-жылдын 4-марты № 9/27
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2022–жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2022–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбоору туруктуу комиссиялардын берген сунуштарынын негизинде даярдалгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2022–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы Ж.Калматовго, орун басарлары М.Гайвылдаевге, Т.Алимбековага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Калматов |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 2022-жылдын 04-мартындагы кезектеги 9-сессиясынын № 9/27 токтомуна
№ 1 тиркеме |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. | Кызыл-Кыя шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | 2022-жылдын 1-кварталы
| Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
2. | Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
| 2022-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
3. | Кызыл-Кыя шаарынын 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө | 2022-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
4. | Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө: - 6 айлык бюджеттинаткарылышы; - 9 айлык бюджеттинаткарылышы; 12 айлык бюджеттинаткарылышыжана КР МСК Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын салыктарды жыйноо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2022-жылдын
июль айы,
октябрь айы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
5. | Кызыл-Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2021-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
| 2022-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
6. | Шаардын Асаналиев көчөсүндөгү шаардын борбордук базарынын алдындагы автоунааларды иретке келтирүү маселеси жөнүндө | 2022-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
7. | Кызыл-Кыя Сууканал муниципалдык мекемесинин калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2022-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
8. | Караван жана Ак-Булак айылдарындагы СПАлардын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө | 2022-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
9. | Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2022-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуни- кация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
10. | Шаар аймагындагы уруксаты жок куруп алган чоӊ кичине курулуштардын мыйзамдуулугун кароо Архитектуранын аткарган иштери жөнүндө (Архитектура, Госрегистр) | 2022-жылдын 1-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
11. | Шаар калкына жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн абалы жөнүндө аткаруу органынын маалыматы | 2022-жылдын 2-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссияс | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
12. | Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2022-жылга кабыл алынган иш пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматы | 2022-жыл 2-квартал | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
13. | Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2022-жыл 4-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, Жетектөөчү адис |
14. | Кызыл–Кыя шаарынын, шаарга караштуу айылдардагы кварталдык, үй жана көчө комитеттеринин төрагаларынын, аксакалдар сотторунун, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңешинин элдин биримдигин, улуттар аралык мамилелерди чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматтарын угуу. | 2022-жылдын 2-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, башкы адис |
15. | Муниципалдык мекеме –ишканалардан чыккан буйруктардын жана токтомдордун мыйзамдуулугун кароо жөнүндө | Жыл ичинде | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, башкы адис |
16. | Депутаттык статус мыйзамынын аткарылышы, депутаттык этиканын сакталышы жөнүндө | Жыл ичинде | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
17. | Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2022-жылдын 3-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
18. | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2022-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
Уюштуруу иштери | ||||
1. | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү | Жыл ичинде | Шаардык кеңеш | Шаардык кеңештин аппараты |
2. | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын башка шаардык кеңештердин депутаттары менен тажрыйба алмаштырууну уюштуруу | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты |
3. | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин турууктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты |
4. | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюштуруу жана ал жолугушууларда айтылган сын-сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты | Шаардык кеңештин аппараты |
Аппарат жетекчи | Р.Абдукаюмов |