Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-октябры № 15/48
Кызыл-Кыя шаарындагы “Кольцевая” көчөсүнө Социалисттик эмгектин Баатыры Муса Абдувалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Социалисттик эмгектин Баатыры Муса Абдувалиевдин Кызыл-Кыя шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, келечек муунга баатырлардын эмгегин даңктоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 15-сентябрындагы №13 протоколуна негиз Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “Кольцевая” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, ал көчөгө Социалисттик эмгектин Баатыры - Муса Абдувалиевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомго ылайык тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо, кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы филиалына, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Кызыл-Кыя шаардык “03-03” аймактар аралык бөлүмүнө каттоого жана аткарууга жөнөтүү, тургундарга маалыматты жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж. Калматов |