Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-октябры № 15/50
Кызыл-Кыя шаардык Муниципалдык менчик департаментине 2 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 08-сентябрындагы №29- протоколуна негиз жана Муниципалдык менчик департаментинин 2022–жылдын 05-сентябрындагы №02–6/1291 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№12 Ак куу” балдар бакчасы Муниципалдык менчик департаментинин балансында болгондуктан 2022-жылдын 01-сентябрынан тартып кароолчунун эмгек маянасын төлөө үчүн Муниципалдык менчик департаментине 2 штаттык бирдик бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомго ылайык тийиштүү иш кагаздарын даярдоо шаардын Муниципалдык менчик департаментине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж. Калматов |