Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-октябры № 15/51
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2022 – жылдын 12– августундагы №13/44 “Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2022–жылдын 6 айында аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 30-сентябрындагы №31 протоколуна негиз Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2022–жылдын 12–августундагы №13/44 “Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2022–жылдын 6 айында аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктунун 11-подпунктуна өзгөртүү киргизилип, “Сууканал м.и” деген сөздүн ордуна “ММД” деп жазылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж. Калматов |