Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
2022-жылдын 12-октябры № 15/52
Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2021-2025-жылдарга карата шаардын коомдук-саясий кырдаалды стабилизациялоого, шаардын мындан ары социалдык–экономикалык өнүгүшүнө, социалдык инфраструктураны жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган программасынын алкагында 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарылган жумуштары боюнча отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
2022–жылдын 6 айында шаардын туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл–Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты. 2022–жылдын 6 айында 284,7 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 108,4 % түздү.
Салык топтоо боюнча жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 2022-жылдын 1-жарым жылдыгына карата план боюнча 66,6 млн сом болсо, факт боюнча 82,1 млн сом жыйналып план 123,3% аткарылган. Өсүү темпи 135,8% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 21,7 млн.сом ашыкча жыйналган.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылды 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнүн 3)–, 6)–пункттарына жана 48–беренесинин 12)– пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылдын 6 айында социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жылдын 6 айы ичинде Кызыл–Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасынын алкагында бир топ иштер аткарылганы белгиленсин: Салык топтоо 129,3 сом жыйналып, план 113, 7% түздү ( анын ичинен республикалык бюджет 47,2 млн сом, жергиликтүү бюджет 82,1 млн.сом). Социалдык төлөмдөр 156,3 млн.сом жыйналып, план 110,0% аткарылган. Жөлөк пул жана пенсия төлөө боюнча карыз жок.
3. Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иш чаралар аткарылган. Ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого басым жасалганы белгиленсин.
4. Жасалып жаткан алгылыктуу иштер менен катар кемчиликтердин болгону белгиленсин. Шаарды санитардык жактан тазалоо иштери өтө начар экендиги белгиленип, бул боюнча шаар мэри А.Маткалыковго конкреттүү чараларды көрүү жагы сунуш кылынсын.
5. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин:
¾ 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өз убагында жана толук аткарылышын колго алуу;
¾ социалдык объекттердин 2022-2023-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыктарын күчөтүүнү;
¾ шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
¾ шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, шаардагы жалпы балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, туберкулез жана башка жугуштуу оорууларды азайтуу боюнча чараларды көрүү жагы;
¾ шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жагы;
¾ шаардагы бардык бюджеттик мекеме-ишканалардын иш кагаздарынын жүгүртүүсүн электрондук форматка өткөрүлүшүн толук камсыздоо жагы.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы Ж.Калматовго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж. Калматов |