Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги I0 сессиясы
2022-жылдын 1-апрели № 10/32
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы «Кызыл–Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын жана шаарга караштуу айылдардын аймагынан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерин жогорулатуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылды 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 15–мартындагы №21 протоколунун чечимин жана Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл–Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2022–жылдын 03–мартындагы №41 кайрылуу катын эске алып, шаарды санитардык тазалоону, көрктөндүрүү жакшыртуу жана шаардын тазалыгын камсыз кылууга шарт түзүү максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 06-февралындагы №28/122 токтому менен бекитилген турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу тарифтери 30% га жогорулатылып, төмөнкүдөй бекитилсин:
К-р № | Көрсөтүлүүчү кызматтардын аталышы | Шаардык кеӊештин №28/122 токтому менен бекитилген тарифтер (сом менен) | 30% дын суммасы (сом менен) | Жогорулатылган тарифтер (сом менен) |
1. | Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жашоочулар үчүн бир кишиге 1 айга | 19-20 | 5-76 | 24-96 |
2. | Жер үйлөрдө жашаган жашоочулар үчүн бир кишиге 1 айга | 22-80 | 6-84 | 29-64 |
3. | Бюджеттик мекемелер үчүн 1 м3 таштандыга | 289-13 | 86-74 | 375-87 |
4. | Коммерциялык жана өнөр жай ишканаларына 1 м3 таштандыга | 289-13 | 86-74 | 375-87 |
5. | Булганыч суюктуктарды алып чыгууга | 147 | 44-28 | 191-10 |
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин ушул токтому шаардык «Мезгил Жарчысы» гезитине жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди деп эсептелсин.
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин ушул токтому күчүнө кирген күндөн баштап, шаардык кеӊештин 2020-жылдын 06-февралындагы «Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл–Кыя Тазалык» муниципалдык мекемесинин шаардын жана шаарга караштуу айылдардын аймагынан каттуу тиричилик таштандыларын (мусорлорун) алып чыгууга көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорулатылган прейскуранттык бааларын бекитүү жөнүндө» №28/122 токтому күчүнү жоготту деп эсептелинсин.
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына жана «Кызыл–Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине, айыл башчыларына, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына шаардын жана шаарга караштуу калктуу конуштардын аймагынан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылууга тарифтердин жогорулашы боюнча калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча, Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Ж. Калматов