Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 11 сессиясы
2022-жылдын 18-майы № 11/34
Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин 2021-жылда аткарган иштери жана 2022-жылга карата иш планы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылды 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2022-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 20-апрелиндеги №23 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын 2021–жылда аткарган иштери боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатыбалдеевдин маалыматы “Канаааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын 2022–жылга карата иш планы жактырылсын.
3. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин жетекчилигине (А.А.Сатыбалдыевге) милдеттендирилсин:
-калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланган долбоордун I фазасын бүткөрүүнүн алкагында, шаардын долбоорго кирген көчөлөрүнө тартылган жаӊы суу түтүктөрүн үйлөргө туташтырып суу берүү иштерин аягына чыгаруу жагы:
– Каримберди участкасындагы скважинанын дебетин көбөйтүү боюнча иштерди алып баруу жагы;
-скважиналарды пайдалануу маселесин иретке келтирүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу жана Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж. Калматов