Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 11 сессиясы
2022-жылдын 18-майы № 11/36
Кызыл–Кыя шаарында каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөжобо тууралуу
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылды 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022–жылдын 24–февралындагы №54 Жарлыгынын2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңешитинУкук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 12–апрелиндеги №11 протоколунун чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2022–жылдын 24–мартындагы №01–8/302 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарында каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин:
-шаарда каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун аткарылышын камсыз кылуу максатында, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, кварталдык жана үй комитеттери аркылуу эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы;
-шаарда каада салттарды,салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөжобонунаткарылышынынжүрүшү боюнча шаардын активи менен өткөрүлгөн аппараттык кеңешмелерде, элдик жыйындарда мезгил мезгили менен маалымат берип туруу жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарынын баш имам–хатиби М.Кожониязовго шаардагы диний кызматкерлер менен биргеликте эл арасында шаарда каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж. Калматов