Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 11 сессиясы
2022-жылдын 18-майы № 11/37
Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2021–2025–жылдарга карата коомдук–саясий кырдаалды стабилизациялоого, шаардын мындан ары социалдык–экономикалык өнүгүшүнө, социалдык инфраструктураны жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган Программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылды 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеӊештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 20–апрелиндеги №22 протоколун чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2022–жылдын 13–апрелиндеги №01–8/328 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кызыл–Кыя шаардык кеӊешинин 2021–жылдын 06–октябрындагы «Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2021–2025–жылдарга карата коомдук–саясий кырдаалды стабилизациялоого, шаардын мындан ары социалдык–экономикалык өнүгүшүнө, социалдык инфраструктураны жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган Программасы жөнүндө» №6/14 токтому менен бекитилген программага №1 тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Калматовго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: Ж. Калматов
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VII чакырылышы) 2022-жылдын
18-майындагы кезектеги
11-сессиясынын №11/37токтомуна
№1 тиркеме
1 | Кызыл-Кыя шаарынын калкын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо. (Себеби азыркы учурда Кызыл-Кыя шаарынын калкына жеке турак жай куруу үчүн жер ажыратып берүү боюнча айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конуштарды категориясына которуу боюнча жумуштар аткарылып жатат. Жерлерди которуу боюнча иш кагаздарына мэриянын Кызыл-Кыя шаарынын калкын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыздоо жөнүндө программасы болушу шарт). |
|
2 | Сухой-Сайдын «Таштемир-ажы» базарынын күн чыгыш тарабындагы жаңы конуш көчөсүнө ВЛ-0,4 электр чубалгыларын тартуу. |
|
3 | Восток 2/1 жаңы конушун Вл-6 кВ эл.чабулдарын «Кызыл-Кыя3» подстанцияга туташтыруу. |
|
4 | Восток2/1 жаңы конушунун кварталдар ичиндеги суу түтүктөрүн тартуу. | (2100м) |
5 | Восток-2 жаңы конушунун 7,8-кварталдар ичиндеги суу тутүктөрүн тартуу. | (1326м) |
6 | Загородная көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу |
|
7 | А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан борбордук аянтка металл тосмолорду орнотуу. | (128м2) |
8 | Октябрьская көчөсүнө тротуар куруу . | (2500м) |
9 | Ленин жана Молодежный көчөсүнүн аралыгында тротуар куруу. | (305м) |
10 | Севарная көчөсүнө кичи-футбол аянтчасын куруу. |
|
11 | Маяковская көчөсүндө асфальт төшөө. |
|
12 | Муниципалдык соода күркөлөрүн куруу. | (блоктон турган 21 күркө) |
Кызыл–Кыя шаардык
кеңешинин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмов