Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-сентябры № 1
Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-ж. “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ № 284 сандуу Жарлыгын жетекчиликке алып, каралган маселени талкуулап, тактап
Токтом кылат:
1.Оро айыл аймагында Жергиликтүү Курултайды өткөрүү 2022-жылдын 5-ноябрына белгиленсин.
2.Жергиликтүү Курултайга делегаттардын саны 1-май жана Жон-Коргон айылдарынан 25адам, Кыргызстан айылынан 25 адам болуп жалпысы 50 делегат бекитилсин.
3.Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүгө курамы 11 адамдан турган жумушчу тобу түзүлсүн. (тизме тиркелет)
4.Түзүлгөн жумушчу топ, жер-жерлерде жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурушсун жана иш чаралар планы түзүлүп, иш чаранын негизинде иш жүргүзүлсүн.
5.Түзүлгөн иш чара планына ылыйык жергиликтүү жамааттардын жыйындары Кыргызстан айылында 2022-жылдын 15-октябрына, 1-май айылында 2022-жылдын 16-октябрына, Жон-Коргон айылына 2022-жылдын 17-октябрына белгиленсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Б.Мотуев
Айылдык кеңештин 2022-жылдын
19-сентябрындагы кезексиз № 14
сессиясынын № 1 токтомуна
тиркеме № 1
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүгө курамы 11 адамдан турган жумушчу тобу
1.Мотуев Б.К.-айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
Жумушчу тобунун мүчөлөрү:
2.Кулукеев Т.К.-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;
3.Тойчубекова З.А.- айылдык кеңештин депутаты;
4.Жаманкулов Н.Т.-айылдык кеңештин депутапты;
5.Алымкулова Н.К.- айылдык кеңештин депутаты;
6.Алашбаева К.А.-айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
7.Беегалиева К.Д- 1-май айылынын айыл башчысы;
8.Довлеталиев А.Ж.-Жон-Коргон айылынын айыл башчысы;
9.Айтпаева К.А.- а/ө аскердик эсепке алуу боюнча адиси;
10.Барпиев А.Ж.- жергилимктүү жамааттан( макулдашуу жолу менен;
11.Иманбеков М.М.- жергиликтүү жамааттан(макулдашуу жолу менен)
Айылдык кеңештин 2022-жылдын
19-сентябрындагы кезексиз № 14
сессиясынын № 1 токтомуна
тиркеме №2
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүү боюнча иш чаралар планы
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
эскертүү | |
Элдик Курултайдын делегаттарын жергиликтүү жамааттардан шайлоо | |||||
1. | жергиликтүү кеңеш тарабынан элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын курултайын өткөрүү жөнүндө сессияда чечим кабыл алуу | 19.09.2022-ж. | Жергиликтүү кеңеш, төрага Б.Мотуев |
| |
2. | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү (курамы 5-11адам | 19.09.2022-ж. | Жергиликтүү кеңеш, төрага Б.Мотуев, жумушчу тобу |
| |
3. | Иш тартиби боюнча жергиликтүү уюштуруу жана өткөрүү бонча комиссия мүчөлөрү үчүн окутууларды өткөрүү | 18.09.2022ж 15.10.2002ж. |
| ||
4. | Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү -Кыргызстан айылы -1-май айылы -Жон-Коргон айылы | 2022-ж.15.10-25.10.2022 15.10.2022 16.10.2022 17.10.2022 |
| ||
5. | жергиликтүү кеңешке жергиликтүү курултайлардын делегаттарынын жыйындарынын чогулуштарынын протоколдору жана делегаттардын анкеталары менен берүү | 2022-жылдын 1-ноябрына чейин | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу |
| |
6. | Жергиликтүү курултайдын делегаттарына документти тапшыруу | 2022-жылдын 4-ноябры | Жергиликтүү кеңеш, уюштуруу тобу |
| |
Айылдык кеңештин 2022-жылдын
19-сентябрындагы кезексиз № 14
сессиясынын № 1 токтомуна
тиркеме №3
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш чаралар планы
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар
|
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын жана уюштуруу иштерин жүргүзүү | |||
1. | жергиликтүү кеңештин кезексиз жыйынын чакыруу | 19.09. 2022-ж. | Жергиликтүү кеңеш, төрага Б.Мотуев |
2. | Жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү | 19.09. 2022-ж. | Жергиликтүү кеңеш, төрага Б.Мотуев |
3. | Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн элдик курултайын чакыруу жөнүндө чечимин, анын күн тартибин жана өткөрүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө | 2022-жылдын 19-сентябры | Төрага Б.Мотуев, элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу |
4. | Жер-жерлерде жыйындарды өткөрүү жана Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо | 2022-жылдын 25-октябрына чейин | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу |
5. | Жергиликтүү Курултайды өткөрүү жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо | 2022-жылдын 5-ноябры | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу |
6. | Элдик Курултайга көтөрүлүүчү үчтөн кем эмес маселелерди аныктоо жана протоколго киргизүү | 5-ноябрь 2022-ж | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу |
7. | Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө протоколду, толтурулган анкетаны, паспорт көчүрмөлөрүн жана сүрөттөрдү (3*4 кызыл фондо 2 даана) Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине жөнөтүү | 2022-жылдын 10-ноябрына чейин | Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу |
Жооптуу катчы А.Даниярова