Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-августу № 6
Оро айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
Токтом кылат:
1.Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы” аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Оро айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3.Оро айыл өкмөтүнүн/айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.
4.Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлтгтне жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.Мотуев