Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-августу № 5
Айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевдин “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун талкуулап, тактап
Токтом кылат:
1. Айыл аймагына сиңирген көп жылдык эмгегин эске алуу менен, 90жаш мааракесине карата Кыргызстан айылынын аксакалы Айтпаев Жаныбекке, айыл аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Жон-Коргон айылынын тургуну -Сейитов Койлубай Термечиковичке, Глобал Ширальджин Майнинг ЖЧКсынын директору -Межеловский Виктор Игорьевичке Оро айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу сунушу канааттандырылсын.
2. “Ардактуу атуул” төш белгисин жана күбөлүгүн даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага Б.Мотуев